Ички дүң өндүрүм 5,4 пайызга өстү

10-Март 2017, Жума

2017-жылдын январ-февраль айларынын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 52 млрд. сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин стат маалымат бөлүм башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымына караганда, Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДӨнүн көлөмү 47 млрд. сомду түздү. Анын 29 млрд сому өндүрүш продукциялары болгон. Бул тармакта өткөн жылга салыштырмалуу 22 пайызга өсүү болгон. Ошондой эле тамак аш өндүрүү тармагында 38,4 пайызга, текстиль багытында 29 пайызга жогорулоо байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!