ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды түзөт

9-Март 2017, Бейшемби

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) өсүшү боюнча алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция министри Татьяна Валовая билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы Кыргызстандын ИДӨсүнүн өсүшү 3,6 пайызды түзүшү мүмкүн.

“2016-жылы ЕАЭБде ИДӨнүн өсүшү 2015-жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Буга себеп Россия жана Беларусияда экономиканын өсүү ылдамдыгын жайлашына байланыштуу. Ал эми Кыргызстанда өткөн жылы ИДӨнын өсүшү 3,8 пайызды түзгөн. Үстүбүздөгү жылы да ИДӨнүн жогорулоосу 3,6 пайыз болот деп болжолдоп жатабыз. Бул көрсөткүч көрсөткүчтөр кийинки 2 жылда да кайталанышы мүмкүн. Кыргызстандын бул жетишкендиги интеграциялык таасирдин ачык көрүнүшү”, -дейт Валовая.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!