“Элим барсыңбы” жапа чеккендерге жардам көрсөттү

10-Март 2017, Жума

16-январда Дача курулуш участкасында болгон авиакырсыкта жапа чеккендер үчүн “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду тарабынан топтогон 2 миллион сом акча жакындарынан айрылгандарга таратылып берилди.

Фонддун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов билдиргендей, өлкө ичиндеги жана чет жердеги мекендештер тарабынан жалпысы болуп 2 миллион акча каражаты топтолгон.

“Кырсык болгондон кийин элибиз бир муштумга биригип, жардам беришти. Айрымдары атайын ачылган эсепке колунан келген жардамын берсе, айрымдары биздин фонд аркылуу беришти. Элге акча которуунун оңой жолун сунуштап, элсом, мобилник, кыска номер аркылуу, топтоочу номер, банк эсептери аркылуу акча топтодук. Мындан сырткары биз менен кызматташып жүргөн чет өлкөдөгү активист мекендештерибиз да колунан келген жардамын берди. Фонддун башкаруу кеңешинин чечими менен каза болгон 35 жарандын ар бирине 2 миллион сомду бөлгөндө, ар бирине 57 миң 142 миң сомдон туура келди.Бул каражат алардын орду толгус кайгысын толуктай албайт. Ошентсе да кайгысына ортоктош болуу демилгеси болду”,-деди фонддун жетекчиси Арзыкулов.

Белгилей кетсек, 16-январда “Манас” аба майданына жакын жайгашкан Дача конушунда жүк ташуучу учак кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Каза болгондордун 35и жергиликтүү жашоочулар болсо, 17и жаш балдар. Кырсык 23 үйдү толугу менен кыйратып, 99 адам баш паанексиз калган. Учурда алар өкмөт тарабынан каржыланган батирлерде убактылуу жашап жатышат.

Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!