Миң ак элечек кийген апалар

6-Март 2017, Дүйшөмбү

4-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “1000 ак элечек айымдар-2017” аттуу майрамдык иш-чара болду. Иш-чара “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Аталган бирикменин негиздөөчүсүнүн бири Элнура Кулуеванын айтымында, бул саамалык “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратуу максатында өткөрүлдү.

Мындай иш-чара Азия боюнча биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатат. Уюштуруучулар кыргыз элечегин даңазалоо, элечектин коомдогу статусун бекемдөөнү көздөшүүдө.

Саамалыкка жети дубандан келген ак элечекчен апалар чакырылган. Мындан тышкары Казакстандан, Бразилиядан, Чилиден дагы коноктор келишкен.

Ушундай эле иш-чара 21-май күнү Ош шаарында энелер күнүнө карата масштабдуу деңгээлде өтмөкчү.

Нооруз майрамына карата дагы дал ушул элечекчен апалар менен биргеликте “Сүмөлөк” фестивалы болмокчу.

Көп жылдан бери улуттук кийим-кеченин үстүнөн иштеп келген, чебер Апиза Тагаева “Ак элечек айымдар” күнүндө “Таажы” коллекциясын алып келген.

“Бүгүн апаларды көрүп баарынын маңдайы жарык. Бул иш-чарага өзүбүздүн колубуздан жаралган улуттук кийимдерибизди көргөзмөгө алып келдик. “Таажы” коллекциясы биринчи жолу чыгып жатат. Элечек сыяктуу эле таажы да кыргыздын улуттук баш кийимине кирет. Мурунку убакта эч ким кийбегендиктен унутта калган. Аны жандантуу максатында 4 дизайнер менен биргеликте иштеп чыктык. Азыр ушул сыяктуу кыргыздын улуттук кийимдерин эл арасына алып чакканыбызда коомчулук тарабынан жакшы бааланып, сатып алгандар көп болууда”,-деди ал.

Аталган иш чара былтыр 2016-жылы да өткөрүлгөн. Ага ак элечек кийип 300 айым катышкан.




Фото: Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!