Өнөрчүлүктөн баар тапкан Зура апа

10-Март 2017, Жума

Бишкек шаарынын тургуну Зура Умарова 66 жашта. Кесиби инженер энергетик болгонуна карабай кол өнөрчүлүк менен алектенет. Бош убактысында түрдүү картиналарды жасап, аны менен катар, орустун классикалык акындарынын ырларын кыргыз тилине которуу менен алек. Ал Zaman.kg сайтына кол өнөрчүлүгү туурасында айтып берди.

Чуйков атындагы сүрөт-үй музейинде Зура Умарованын колунан жасалган эмгектери көргөзмөгө коюлган.

Анын эмгектеринин топтомдорунун көргөзмөсү алгачкы жолу уюштурулду.

- Менин хоббим дизайн интерьер. Мында жаратылыштагы көзгө сүйкүмдүү кубулуштарды кереги жок буюмдар менен шөкөттөп, картина чыгаруу. Бул кол өнөрчүлүк менен алектенгениме он жылдан ашты. Хлористикалык картиналарга көп басым жасайм. Мисалы, газета, журнал, картондон эле гүлдү, жаратылышты, жаныбарларды жасап иштеп чыгам.

Жүндөн, булгаарыдан картиналарды жасаган кол өнөрчү, сүрөттөрдүн сюжеттерин интернеттен алса, айрымдарын өзү ойлоп табат.

- Жүндөн, булгаарыдан дагы түрдүү картиналарды иштеп чыкса болот. Көргөзмөгө коюлган эмгектеримде мозаикалар дагы бар. Алардын сюжеттерин интернеттен алам. Чыгармачылык эргүү келгенде өзүм иштеп чыккан учурлар дагы болот. Бир эле картинаны эки күндө даярдап бүтөм. Анткени мунун баары майда ишти талап кылат. Кээ бир эмгекти жасоодо атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга туура келет.

- Хобби катары кызыгуум болгондуктан, жасаган эмгектеримди сатып пайда көрүүгө деле умтулбайм. Туугандарым, тааныштарым тапшырык берсе жасап берем. Алар туулган күндөргө, жаңы жыл майрамына карата белекке алып кетишет.

Умарова бул эмгектерди жаштарга үйрөтүүдө мектеп жетекчилигинин чакыруусу менен Бишкектин айрым мектептерине барып чебер-класстарды өткөрүп турат.

- Бишкектеги Эл аралык “Силк роад” мектебине, №29 гимназия мектебинин окуучуларына барып чебер-класстарды өткөрүп турам. Бул өнөргө кызыккандар көп. Көргөзмө учурунда дагы айрым мектептердин жетекчилери чебер-класстарды өткөрүп берүүмдү өтүнүп чакырышууда.




ФОТО: КУБАНЫЧБЕК ЖУСУПБЕКОВ

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!