Ак калпак – ата мурасы

06-03-2017

5-март – ак калпак күнүнө карата М.В.Фрунзенин үй-музейинде “Ак калпак – ата мурасы” аттуу калпакты даңазалоого арналган иш-чара уюштурулду. Иш-чара ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп, уз-чебер Клара Асангулованын колунан жаралган калпактардын бир нече түрлөрү көрсөтүлдү.

Ага жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары катышып, калпактын түрлөрү, кийүү тартиби, ага түшүрүлгөн сайма көчөттөрүнүн чечмелениши тууралуу маалымат алышты.

“Ак калпакты ата-бабаларыбыз өтө урматтап кийишкен. Төрт талаанын чогулушу – дал төбөгө туш келгендиктен, адамдын ой-жүгүртүүсү терең болот деп ойлошкон. Аны менен бирге күндүн аптабын, суукту өткөрбөгөн касиети бар. Калпак улуу баш кийим болгондуктан, аны жаштар арасында кадырын көтөрүу, аяр мамиле жасоо максатында ушундай иш-чара өткөрүп жатабыз”-деди үй-музейдин үгүт, маданий бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Өмүрбекова.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!