Жазгы чөптөр организм үчүн пайдалуу

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Жаздын келиши менен көктөмдүн биринчи белгиси катары көк чөптөн жасалган түрдүү даамдар жасала баштайт. Чырыш, ысмалак, ат кулак, жалбыз, чалкан, миң тамыр сыяктуу эрте жазда биринчилерден болуп чыккан чөптөр адам организмин мөмө-чөмө, жашылчалар бышканга чейин табигый витаминдер менен камсыздап турат. Алар эрте жаздан баштап май айына чейин колдонулат. Андан кийин чөп катый баштаганда, даамын жоготуп, тескерисинче уулуу болуп калат.

Бул табигый чөптөрдөн негизинен самсы, манты, оромо, чүчпара сыяктуу даамдарга туурамжы катары колдонулат.

Ош шаарынын тургуну Шырманай Байназарова жазгы тамактардын жасалышы, алардын организм үчүн пайдасы тууралуу айтып берди.

“Кыш мезгилин узатып, жаздын алгачкы күндөрүндө көпчүлүк адамдарда чарчаңкы, алсыз абал пайда болот. Дал ушул убакта көк чөптөрдөн пайдалуу даамдарды жасап жеш керек. Бул чөптөрдө витамин аябай көп болот. Чөптөрдү тергенден кийин тазалап жууп, майдалап, майга кууруп алуу керек. Кууруганда чөптүн курамындагы суулар чыгып кетет. Андан кийин манты, оромо, самсы, чүчпара сыяктуу тамактарга пияз кошуп туурамжы катары колдонобуз”,-деди ашпозчу апа.

Эл арасында бул чөптөр организмдеги авитаминозду жойгондон сырткары, көптөгөн ооруларга шыпаа берет деген сөз бар. Кан басымды нормалдаштырып, тамакка болгон табитти ачат, ошондой эле тиштин мүлктөрүн бекемдейт. Кандагы гемоглобиндин санын көбөйтүп, кандын курамындагы кантты азайтат.




Көк чөптөргө пияз кошсо даамы артат

Адегенде казандагы майга бир аз кууруп алуу керек

Көк чүчпаранын жасалышы


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!