Ата кесибин уланткан уста

11-Март 2017, Ишемби

Темир усталык өнөр адамдардын чарба жүргүзүүсүндө керектүү болгондуктан темир усталардын эл ичинде кадыр-баркы жогору болгон. Техниканын өнүгүшү менен аталган кесип өз ордун жоготуп, бул өнөр менен алектенгендер азайып кеткен. Лебединовка айылынын тургуну Жолдошбек Аскеров темирди колго чаап, кооздук жаратуу өнөрү кайрадан барктала баштаганын айтат.

Жолдошбек Аскеров эски өнөрдү атасынан мураска алып, ата кесибин улантып келе жаткандыгына 21 жылдын жүзү болгон.

(Сүрөттөр Жолдошбек Аскеровго таандык)

“Бала кезден атамдын устаканасында кол кабыш кылып жүрүп, устачылыктын көп сырларын үйрөндүм. Атам айылда чоң темир уста болчу. Темир менен иштөө оор болгондуктан атама жардамчы болгондор көпкө чыдачу эмес. Ошондуктан көөрүк басканга жараган учурдан тарта жашоом темир устачылыкка байланып калды. Алгач көөрүк басып анан балкачы болуп бул өнөрдүн көп сырларын үйрөндүм. Өз алдынча темир менен иштей баштаганыма 21 бир жыл болду”,-дейт Аскеров.

Учурда Лебединовка айылында чакан цех иштетип жаткандыгына 4 жылдын жүзү болгон. 6 адамды жумуш менен камсыз кылып, аларга усталыктын сырларын үйрөтүп келет.

Анын айтымында эл мурдагыдай жеңил-желпи, сапатсыз буюмдарды колдонуудан качып калды. Учурда сапаттуу жана көркөмдүүлүккө ыктап, заводдон чыккан коендой окшош буюмдардан алыстап, өзгөчөлүккө умтулуп жатат.

Анын устаканасында жасалган буюмдар улуттук оюм чийимдер түшүрүлүп жасалгандыгы менен айырмаланат.

Ал жерде короолордун коргондору, дарбаза, эшик-терезелердин торлору, балкон жана тепкичтердин тосмолору, отургучтар, керебеттер, стол-стулдар, тапчан жана башка темир буюмдары кардарлардын каалоосуна жараша жасалат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!