Соцтармактар ден соолукка кандай таасир тийгизет?

Соцтармактар ден соолукка кандай таасир тийгизет?
21-Сен. 2017, Бейшемби, 11:00

Улуу Британияда #StatusOfMind долбоорунун алкагында адистер кайсы социалдык тармак адамдын ден-соолугуна көбүрөөк зыян тийгизээрин аныкташты.

Ушуга байланыштуу адистер эң белгилүү беш дүйнөлүк желеге талдоо жүргүзүшкөн.

14 жаштан 24 жашка чейинки 1500ден ашык адам февраль айынан тартып, май айына чейин социологдордун суроолоруна жооп берип, ар түрдүү жагдайларга талдоо жасашкан.

Эксперттердин алдында дүйнөлүк желелер адамдын ден-соолугуна кандай таасир берээрин аныктоо тапшырмасы турган.

Изилдөө натыйжасы көрсөткөндөй, “YouTube” видеохостинги адамдын ден-соолугуна зыянын тийгизбеген платформа катары бааланган. Ал эми экинчи орунда “Twitter”, үчүнчү орунда — “Facebook”, төртүнчүдө— “Snapchat” орун алган. Тизменин эң соңун “Instagram” ээлеген.

“Instagram” колдонуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында бул желе ачууну келтирип, стресске кабылтып жана ошондой эле мазактоо, шылдыңдоо жерине айланып бара жатканын көрсөткөн.

Ошону менен бирге, адистер дүйнөлүк желелерде эки сааттан ашык отурбаш керектигин белгилешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!