Жакынкы жылдарда кимдер жумушсуз калат?

17-Окт. 2017, Шейшемби, 10:48

Британдык технология эксперти Омар Рахимдин билдирүүсү боюнча, адамдарга 25 жыл ичинде унаа айдоого тыюу салынат.

“Тесла”, “Apple” жана “Google” сыяктуу ири компаниялардын айдоочусу жок унааларын жолдордо көрүүгө болот.

Бул технология түп тамыры менен биздин адаттарга тыюу салуу менен өзгөрүү алып келет.

Бул билдирүү технология эксперти Омар Рахимге таандык.

Эксперт билдиргендей эмоционалдык абалдагы адамдар катачылыкты көп жасагандыктарына байланыштуу технологияларды колдонууга аларга тыюу салынаары болжолдонууда.


Эгер бул божомол чындыгында ишке ашса 10 миң деген адамдар ишсиз калышы ыктымал.

Такси жана автобус айдаган адамдар роботторго алмашылат.


Бирок өз ишин жоготкондор айдоочулар гана болбойт.

АКШнын эмгек статистика бюросу медалдын экинчи тарабын баса белгилеп жана технологиянын өнүгүшү менен бир топ кесиптер жокко чыга баштаганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, массалык маалымат каражаттарынын цифрлаштыруу менен гезит, журнал жана башка басма сөз каражаттарынын сатуу көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келип жана бул тармакта жумушсуздук маселеси келип чыгууда.

Массалык маалымат каражаттарын санариптештирүү редактордук кызматкерлерга да таасир берет. Анткени, жакынкы жылдары бул сектордогу өндүрүштүн негизин акылдуу машиналар түзөт.


Балык улоо учурунда колдонулуучу кара күч машиналарга алмашылып, алдынкы жылдарда бул сектор кем дегенде 5 пайызга азаярын көрсөтөт.

Билдирүүдө металл жана желим өндүрүшүндө автоматташтырууга алмашып, бул кыска убакытта ушул тармактагы ар бир 100 кызматкердин алтыдан ашыгы өз жумушун жоготот.

Интернетти пайдалануунун өсүүсү туристтик агенттиктерге да таасир берет. Көптөгөн адамдар дем алыш программаларын өз алдынча түзүү менен бул тармакта иштеген адамдардын 12 пайызы жумуш орундарынан кол жуушат.

Телевидение, радио сыяктуу кесиптерде эмгектенген адамдардын жарнамалык негизде түшкөн кирешенин азаюсу менен жумуш орундары да кыскарат.

Айыл чарбасы технологияга негизделген тармак экенин көрсөткөн эсепте адамдар машина күчүн камсыз кыла албагандыктан 100 адамдын 19 бул кызматтан кетүүгө мажбур болушат.

UBS сурам-жылоолоруна шайкеш, 8 жыл аралыгында учкучсуз учактар колдонууга берилери күтүлөт.

Технологиянын өнүгүшү менен жумусуздукка алып келе турган тармактын ичинде хостес да бар.

“Facebook” жана “WhatsApp” сыяктуу тиркемелердин келип чыгышы менен адамдардын адаттары өзгөрүп, почта кызматкерлерин пайдалануу жыл сайын 28 пайызга төмөндөп келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!