«Google» жашыл экранды нейрондук желеге алмаштырды

7-Март 2018, Шаршемби, 10:22

Корпорация так бир убакыт ичинде фонду алмаштырганга мүмкүндүк берген алгоритмди жасап чыгарды.

Инженерлер ар кандай фонду чыныгы маалда, керек болсо, мобильд түзүмдөрдө алмаштырууга болгон атайы нейрондук желе алгоритмин түздү. Үлгү катары алар сүрөттү сегменттөө үчүн даяр конвективти нейрондук желе үлгүсүн колдонушат. Негизги үч түс (жашыл, көк, кызыл) каналына программистер жаңы, сегменттелген рамкасын кошкон.

Нейрондук желеге келбет менен фон арасындагы айырмачылыкты аныктоону үйрөтүү үчүн инженерлер адамда түрдүү түс менен белгиленген келбеттердин он миңдеген адамдын сүрөтүң жүктөшкөн.


Алынган натыйжа ойдогудай чыкты. Нейрондук желе бейнени үлкөн ылдамдык менен түзөтө алат. “iPhone 7” үчүн бул көрсөткүч секундуна 100 кадрдан көп, ал эми “Google Pixel 2” үчүн 40 кадрдан ашат. Фон менен адамды айырмалоо коэффиценти 94,8 пайызды түзөт. Даярдоочулар жаңы тиркеменин кээ бир колдонучуларда азыртан баштап бар экенин айтышат.

Азыркы убакта жашыл фон көбүнчө кинофильмдерде колдонулат. Хромакей технологиясынын жардамы менен жашыл (же көк түс менен) фондо актерлеорду тартып, кийин монтаждаганда башка сүрөт коюлат. Жаңы технология, эң биринчи, хромакейди пайдалануудан пайда алып келбеген чакан жоболордун ордун басат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!