Чуйков окуу жайына жаңы директор дайындалды

29-Март 2018, Бейшемби, 22:30

Бүгүн, 29-мартта Мамаев Настарбек С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору болуп дайындалды. Буйрукка Маданият,маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду. Чыгарылган буйрукту Маданият министринин орун басары Айнура Султанбаева окуп берди.

Жаңыдан шайланган директор бир жылдык эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Эгерде Насатрбек Мамаев өз ишин бир жылда мыкты деңгээлде көрсөтө алса, эмгек келишим дагы бир жылга узартылат.

Настарбек Мамаев 56 жашта.

Ушул эле С.А Чуйков атындагы окуу жайды аяктаган. Кийин Австрияда доктарантурада окуган. Көркөм сүрөт искусствосу боюнча Москвада билим алган. Анын чыгармалары Турция, Австрия, Индия, Казахстанда жана башка өлкөлөрдө сүрөт көргөзмөлөрдө болгон.

«Art of Silk Road» Эл аралык көргөзмөдө алтын медалга жана Венанын сүрөт академиясынын алтын медалынын ээси.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!