Өлкөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында ар кандай көйгөйлөр бар. Алсак, билим алууда, жумушка орношууда, жөлөк пулдун аздыгы, алар үчүн жетиштүү шарттын жоктугу. Ушул сыяктуу маселени чечүүдө адистер “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жөнүндөгү” конвенцияны ратификациялоо зарылдыгы келип чыкканын белгилейт.
Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн атын атагысы келбеген каарманыбыздын айтымында, майыптык статусун аныктоочу документ ала албай жүргөнүнө көп убакыт өткөн.
- Медициналык социалдык эксперттик комиссия ден соолугума байланыштуу майыптык алуу тууралуу справка берген. Майыптыкты алуу үчүн Майыптыкты тастыктоочу мекемеге баргам. Ал жакта кезекке тургандар абдан көп жана айрым адистер дагы орой мамиле жасашат экен. Ар бир адистен өтүү дагы машакаттуу иш. Тастыктоочу анализдерди тапшырып, кагаз толтуруу менен алектенесиң. Эгер майыптыкты алсам 2-топко кирмекмин. Бирок мен бул документти азыркыга чейин ала албай жүрөм. Себеби кезек кутуу жана майыптыкты алгандан кийин иштөө мүмкүнчүлүгү болбогонуна байланыштуу албадым. Бир нече жолу эртең менен эрте барып жүрдүм. Бирок документимди ала алган жокмун, аягына чыкканча чарчап кетип калдым. Жок дегенде мамлекет ушул жагын көзөмөлгө алып койсо болмок.
Майыптар үчүн конвенциянын кабыл алуу керек
“Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" фондунун президенти Толкунбек Исаков мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо шартын жакшыртууда, алардын укугун коргоодо “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жөнүндөгү БУУнун Конвенциясын ратификациялоо керек деген пикирде.
- Кыргызстан бул конвенцияга БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алгандан кийин, 2011-жылы кол койгон. Бирок ратификациялоого азырынча токтоп турат. Учурда бул тармакты каржылоо акыркы орундарга коюлган. Эгер Конвенция ратификацияланса эл аралык документтердин негизинде, мүмкүнчүлүктөр жакшыртылат. Конвенциядагы укуктарды ишке ашырууга канча каражат сарпталарын ведомство аралык 16 мүчөдөн турган комиссия эсептеп чыккан. Комиссиянын эсебинде бул үчүн 30 миллиард сом акча талап кылынат. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун теңдештирүү, алар үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык турак-жай менен камсыздоо каралган. Конвенциянын кормаларын Кыргызстанда ишке ашыруу планы он жылга мерчемделген.Эгерде жогоруда айтылган 30 миллард долларды он жыл аралыгына бөлсөк, мамлекеттин жалпы жылдык бюджетинин 2 пайызын гана түзөт. Бул Кыргызстандын бюджети үчун андай чоң сумма деле эмес.
Казакстанда майыптардын укугу жакшы корголууда
“Теңдик” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын биримдигинин төрайымы Гүлмира Казакунова майыптык статусун ала албай жүргөн жарандар көп экенин, ошол учурда конвенция кабыл алса майыптардын укугун корголоорун айтат.
- Ар кандай себептер менен майыптык статусун албай жүргөндөр көп экенин өзүмдүн тажрыйбамдан билем. Кээ бирлери майып деген статустан тартынат, кээ бирлери психологиялык жактан даяр эмес. Мен өзүм төшөктө жатып калып, 6 жылдан кийин гана майыптыкты алдым. Ага чейин бул кагазды алуудан чочулап жүрдүм. Ал эми майыптар үчүн конвенция кабыл алынып калса учурда майыптардын укугу корголуп, алардын укуктары көз жаздымда калбайт эле. Башка эле адамдардай тең укуктукта болуп калмакпыз. Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан конвенцияны кабыл алган. Алардын кабыл алганына бир жылдан ашты. Учурда конвенцияны өздөрүнүн мыйзамдарына төп келиштирип жатышат. Майыптарга карата мыйзамдар жакшы иштеп жатат. Мисалга алсак, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардамчы алуу каралган. Иштегенге, бир жактарга барганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан тышкары майыптар үчүн авто унаа маселеси дагы чечилген. Эгер арабада отургандар зарыл иштери менен бир жактарга барчу болсо такси кызматынан алар үчүн ылайыкталган унаа кызматын пайдалана алышат. Анткени алар деле башка адамдардай сыяктуу конокторго, чач тарачка, кафеге бара алышат. Ошондуктан конвенция укуктарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 178 миң жаран жашайт.