Асан Мансуров жаңы кызматка дайындалды

19-Апр. 2017, Шаршемби

Асан Мансуров жаңы кызматка дайындалды

Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругу менен Асан Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк регионундагы аймактык борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай буйрук 14-апрелде чыккан.

Буга чейин Асан Мансуров Ош улуттук драма театрынын директору болуп эмгектенген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!