41 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды

28-Июль 2017, Жума

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. 17- июль күнү “Нургуль” аттуу аял, арыз ээсинин ишеничине кирип, Корея мамлекетине виза жазап берем деп, 3000 АКШ доллар акчасын алдап алып кеткен.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарынын 41 жаштагы М.Н. аттуу тургуну кармалган.

Кармалган аял тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, анын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!