Ак илбирстин айкели орнотулду

22-Авг. 2017, Шейшемби

21-августа Бишкекте ак илбистин айкели орнотулуп, анын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш салтанатка шаар бийлиги, район башчылары, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Ак илбирстин айкелинде Бишкек шаарынын герби жана желеги түшүрүлдү. Айкел Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артында орнотулган.

Белгилей кетсек, 24-25-августта Бишкекте ак илбирсти сактоо жана коргоо боюнча эл аралык форум өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!