Бактысыз сүйүүдөн "дарылануунун" жолдору

Бактысыз сүйүүдөн
25-Авг. 2017, Жума

Аялзаты өтө назик, сезимтал, жумшак келет. Эгерде сүйгөнү таштап кетсе же сүйүүсү жоопсуз калса, жан дүйнөсү катуу жараланып, депрессияга түшөт. Унуталбай абдан кыйналат. Дегеле, бактысыз сүйүүдөн "айыгууга", аны биротоло унутууга болобу? Албетте, болот... Окумуштуулар өз изилдөөлөрүндө бактысыз сүйүүдөн дарылануунун бир канча жолу жана ар биринин мөөнөтү бар экендигин далилдеп чыгышкан.

Ыйлоо

Кандайдыр бир деңгээлде көз жаш адамды стресс абалынан чыгарууга, кайгынын жеңилдешине жардам берет. Бирок кимдир бирөөнүн көзүнчө ыйлоо зарыл эмес. Мүмкүн болушунча жалгыз калган кездерде эч кимге көрүнбөй жашыруун ыйлаганга аракет кылыңыз.

Өзүн-өзү аёо

Күнү-түнү өзүңүздү-өзүңүз аяп, боор ооруй бериңиз. Жакшысы, жалгыздыкта эмес, курбуларыңыздын катышуусу менен болсун. Аларды чайга чакырып, арманыңызды айтыңыз. Ошондо курбуларыңыз "акмак тура!", "кантип сени таштап кетти?", "ушунусу туура эмес да", "кайгырба, эркек көп" деген сыяктуу сөздөрдү айтышары турган иш. Бул аны унутууга жардам берет.


Ачуулануу

Жерди бутуңуз менен катуу-катуу тепкилеңиз, кыйкырыңыз, кайсы бир идишти сындырып салыңыз, анын сүрөттөрүн айрып-тытып жок кылыңыз, берген белектерин ыргытып жибериңиз...

Аны жек көрүү

Сизди баалабай-барктабай, сүйбөй, сыйлабай койгону же көзүңүзгө чөп салып башкага алмаштырып кеткени кандай оор! Сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу бир кадам эмеспи. Аны бардык жаман нерсеге күнөөлөңүз. Мисалы, байкабай чайды төгүп алсаңыз да ал күнөөлүү болсун. Себеби, сиз анын айынан капаланып атып төгүп алдыңыз...

Өч алуу тууралуу ойлонуу

"Мен сенсиз деле сонун жашап кете алам" деген ойго келиңиз. Бул - сиздин "айыга" баштаганыңыздын белгиси. Эми өч алуунун планын түзсөңүз болот. Мисалы, келечекте жакшы мырза менен таанышып, мамиле түзөсүз. Анан жасанып-түзөнүп, модалуу кийинип алып, жаңы таанышкан мырзаңыз менен көчөдөн ээрчишип баратсаңыз алдыңыздан ал чыгат. Ал абдан жүдөп, сиз жок кыйналып жатканын айтып кечирим сурайт, бутуңузга чөгөлөйт. А сиз унчукпай күлө карап берки мырзаңызды ээрчип басып кетесиз.

Өч алуудан баш тартуу

Башка мырза менен таанышып, мамиле түзүшүңүз мүмкүн деңизчи. Бирок андан өч алууну ойлоо туура эмес. Анын үстүнө, ал сизден кечирим сурабай деле коюшу, ал тургай жолукпай калышыңар деле ыктымал. Жогорудагы план сизге оптимист болуу үчүн гана керек болгонун түшүнүңүз.

"Эмнеге кайгырдым?" деп күлүү

Дайыма кабагы бүркөө жүргөн адамды эч ким жактырбасын унутпаңыз. Күлкү менен сиз өз нервиңизди сактайсыз жана башкаларга жагымдуу көрүнөсүз.

Аны таптакыр эстебөө

Албетте, бул өтө кыйын. Ошого карабай, күн сайын "мен бүгүн аны эстебейм" деп өзүңүзгө-өзүңүз эскертип турсаңыз, бара-бара бул адатка айланып көнүп кетесиз. Унутуш үчүн конокко барыңыз, китеп окуңуз, жаңы адамдар менен таанышыңыз...

Аны досум деп эсептөө

Эми ал сиз үчүн дос гана. Дос катары эстеген сайын өзүңүзчө жылмайып коюңуз. Жаман жагын эмес, жакшы жактарын гана эстеңиз. Качандыр бир убакта окуп бүткөн китепти эстегендей эстешиңиз керек.

Башкаларга жагуу

Бактысыз сүйүүнүн эң жакшы дарысы - башка эркек. Өзүңүзгө кам көрүп, мырзаларга жагууга аракеттениңиз.

Эртең менен бактылуу ойгонуу

Бул жерде ашыкча сөздүн деле кереги жок. Баары айтпаса да түшүнүктүү. Кайсы бир күнү жаңы бактыңыз, жаңы сүйүүңүз менен бактылуу ойгоноруңузга ишениңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!