Милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

25-Авг. 2017, Жума

Кыргызстанда 31-август жана 1-сентябрдагы майрамдарга байланыштуу милиция кызматкерлери Бишкекте 29-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги коомдук коопсуздукту 2200 укук коргоо кызматкери көзөмөлдөйт. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Чүй проспекти Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрү жана Эркиндик бульвары Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин жабылат.

“Шектүү, ээси жок буюм тапкан учурда (көчөдөн, унаадан, коомдук жайлардан) аларды кармоого, ачып көрүүгө же ордунан жылдырууга кескин тыюу салынат. Тезинен 102 номери аркылуу милицияга маалымдоо керек”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрда Курман айт майрамы белгиленет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!