Бишкектеги мүрзөлөрдүн биринде өрт чыкты

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бишкектеги мүрзөлөрдүн биринде өрт чыгып, ага жакын жайгашкан эмерек жасоочу цех жана анын ичиндеги даяр эмеректер толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Биринчи май районунда 27-август күнү Якутская көчөсүндөгү мүрзөдө болжол менен 13 га куураган чөп күйгөн. Өрт “Кыргыз-Мебель” АК ишканасына өтүп, ишкананын эмерек жасоочу цехтин 60 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры, кампанын ичинде жалпы аянты 200 чарчы метр болгон эмерек жасоочу станоктор, даяр материалдар толугу менен күйгөн. Өрт саат 17:44дө чектөөгө алынып, саат 20:28де толугу менен өчүрүлгөн

Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн жалпы 5 бөлүм, “Тазалык” ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылган.

.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!