Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар бѳлүмүндѳ сакталып турган Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо, Жаӊыбай Кожековдордун оозунан жазылып алынган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору басылып чыкты. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Эпостун тексти манасчылардын оозунан жазылып алынганы боюнча эч ѳзгѳртүүсүз берилди. Тексттин аягында сюжеттик линияда кездешкен каармандардын аттары, жер-суу (топонимдер), эл-уруу (этнонимдер) аталыштары жана орус, араб, фарс тилинен кирген айрым сѳздѳрдүн түшүндүрмѳлѳрү кошулду.
"Жогоруда аталган манасчылардын арасынан Молдобасан Мусулманкуловдун варианты көлөм жагынан Кол жазмалар бѳлүмүндѳ сакталып турган варианттардын эң ирдүүлөрүнүн бири. «Манас» үчилтиги манасчынын оозунан 1935-жылдан тартып жазыла баштаган. Ал үчилтиктин биринчи, экинчи бөлүгүн толук айткан. Үчилтиктин 1-бѳлүгү эле жалпы 61773 сап ыр жолунан турат. Жалпысы (үч бѳлүк) 203 миңге жакын сап. Бүгүнкү күндѳ аталган фонддо Молдобасандын айтуусундагы үчилтиктин 1-бѳлүгүнѳ тиешелүү кирилл тамгасындагы (сыя менен жазылган) инв. № 65-76га чейин жалпы 11 дептер (кол жазма) сакталуу. Эпосту кагазга түшүрүү иштери С. А.Байсаловго, А. Тайгуреновго, И. Абдракмановго жана К. Кыдырбаеваларга таандык. Окумуштуулардын Улуу Ата мекендик согуш учурунда жасаган иштери арадан 70 жылдан ашуун убакыт ѳткѳндѳн кийин гана жалпыга маалым болуп жарык көрүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Китептерди басып чыгаруу иши УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевге, институттун Манас таануу бөлүмүнүн жана Кол жазма фондунун кызматкерлерине таандык. Буга чейин институттун илимий жамааты совет мезгилиндеги идеологиялык талаптарга байланыштуу айрым саптары кесилип, кыскартылып, түзөтүлүп жарыкка чыккан Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин варианттарын эгемендүүлүктү алгандан кийин кайрадан өзгөртүүсүз бастырып чыгарышкан.