Шайлоочуларга ун тараткан факты катталды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 10:23

Сузак районунда шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн ун тараткан факты катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБге жергиликтүү тургундар тарабынан арыз келип түшкөн. Анда алар президенттикке талапкердин үгүтчүлөрү тарабынан добуш сатып алуу максатында ар бир үйгө бир каптан ун таратып жаткандыгын билдиришкен.

"Аталган арыз боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада 5 факт аныкталган. Таратылган ундар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бул факт боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, Сузак районунун сотуна өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!