Жаңы китептердин жентегин өткөрүштү

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:06

18-декабрында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Жети жаш автор” долбоорунун негизинде 2017-жылы чыккан китептердин бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Иш-чаранын максаты – жаш калемгерлердин чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү жана алардын чыгармаларын жалпы журтчулукка жайылтуу.

Бет ачар аземине маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, массалык маалымат каражаттарынын, Кыргызпатенттин өкүлдөрү, ИМ Мамфондунун кызматкерлери жана поэзия сүйүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева “Жети жаш автор” долбоорунун негизги максаты, чыгармачыл жаштардын эмгегин басып чыгаруу жана жамый журтка таратуу жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштерди баяндап берди. Кийинки сөзгө чыккан А. Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев азыркы кыргыз адабиятынын абалы, өсүп келе жаткан жаш калемгерлердин мууну туурасында айтып берип, өзүнүн калемине таандык ырларды окуу менен биргеликте комузда кол ойнотуп, обондуу ыр аткарып берди.

Кыргызпатент тарабынан 2017-жылы төмөнкү тандалып алынган жети жаш авторлордун китептери жарык көрдү :

1. Абдимиталип уулу Келдибек “Энеме кат”;

2. Калмурат кызы Турсунай “Бийигим”;

3. Момуналиев Жоомарт “Калем сыры”;

4. Шамшидин уулу Дыйканбек “ Ырлар менин аярлаган казынам”;

5. Перизат Алмаз кызы “Руханият”;

6. Аскаров Мирлан “Иллюзия”;

7. Замирбек Орозбай уулу “Сезимден өчпөс чырагым”.

Алгачкы китеби жарык көрүп жаткан жети жаш автор Кыргызпатентке, ИМ мамфондуна ыраазычылыктарын айтышып, жалпы келген конокторго кезеги менен өзүнө таандык ырларын окуп беришти. Иш-чаранын жүрүшү кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, чыныгы поэзия кечесине айланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!