Кышында спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

Кышында спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
20-Дек. 2017, Шаршемби, 15:56

Кыш мезгилинде көчөдө таза, суук аба менен дем алып жана ошол эле маалда физикалык машыгууларга убакыт бөлгөн өтө пайдалуу. Ушундай кыштын күндөрүндө убакытты ден соолукка пайдалуу кылып өткөрүү үчүн спорттун кандай түрүү менен машыккан оң?

Мындан сырткары таза абада көп жүрүү сасык тумоого каршы турууга пайдасып тийгизет. Ал үчүн төмөндөгү спорт түрлөрү менен машыгып көрүңүз:

Лыжа

Лыжа тепкен адам узак убакыт бою кыймылда болот. Машыгуу учурунда тамырлар, өпкө, жүрөк менен таяныч системасы жакшы жумуш иштеп, иммунитет бекем болот.

Лыжа тебүү ашыкча салмактан арылууга да жакшы жардамын берет. себеби 60 мүнөт машыгуу учурунда 500-600 калорияны жоготуу мүмкүн. Ошону менен катар бут, кол, жамбаш жана ичтин булчуң эттери жумуш иштеп, бекемдей түшөт.

Сноубординг

Сноубординг – тоо спортунун бир түрү. Бул спорт түрү ден соолукка пайдалуу. Сноуборд менен машыкканда баардык булчуң эттер кыймылга ээ болот. Өзгөчө бут, жумбаш, курсак эттери. Ошону менен сноубординг вестибулярлуу аппаратты бекемдейт, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасын калыбына келтирип, канды кычкылтек менен камсыз кылат. Бул спорт түрү чыдамкайлуулукту, кыймыл-козголуштун координациясын өнүктүрүп жана зат алмашуу менен тең салмактуулукту жакшыртат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү психикалык ден соолукка керектүү жакшы таасирлерди жыйнайт.

Ден соолукту бекемдөө үчүн сноубордго жумасына кем дегенде 1-2 ирет бир сааттан ашык машыгуу керек. 60 минутта 400 калориядан арылууга болот.

Коньки

Коньки кыймыл аракетти жакшыртып гана койбой, денедеги тең салмактуулукту кармоого жана ийкемдүүлүктү артырууга жардамы көп. Бул спорт түрү бут менен сандагы булчуң этти күчтөнтөт.

Коньки менен жүгүрүү иммунитетти жакшыртып, организмди тонуста кармоого, ошондой эле дене бойду келбеттүү кылып, булчуң эттерди бекемдеп, жакшы маанайды тартуулочу гормонду бөлүнүшүнө шарт түзөт.

Жумасына 3 жолудан 60 мүнөт машыксаңыз, 400-500 калория жоготосуз.

Хоккей


Чыныгы хоккей жаракат алып калуу коркунучу бар спорт түрү. Бирок акырын, өзүңүзгө жаракат алып келбей тургандай кылып ойной турган болсоңуз, анда ал ден соолукка пайдалуу болуп саналат. Хоккей менен сиз өзүңүздүн жогорку жана төмөнкү булчуң эттериңизди чыныктыра алсыз. Бул спорт түрү иммундук системаны күчтөндүрөт, таяныч системасынын функцияларына жана вестибулярлык аппаратка оң таасир берет.

Адистер бул кышкы спорт түрү менен 60 мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүүнү сунушташат. Жумасына 1-2 жолу машыгуу керек.

Чана

Бала кезде баарыбыз тепкен чана да өтө пайдалуу экен. Бул жөн гана убакытты көңүлдүү өткөрүү гана эмес, ден соолукту чыңдоого да мүмкүндүк түзөт. Ошондуктан чана чоңдор үчүн да маанилүү. Кан басымды калыпка келтирип, жүрөк булчуң эттерин бекемдеп, ашыкча салмактан арылтат жана маанайды көтөрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!