Жөлөк пулдар тууралуу мыйзам нааразычылык жаратты

20-Дек. 2017, Шаршемби, 10:48

Өкмөт 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жөлөк пулдар тууралуу мыйзамдын күчүнө киришин үч айга артка жылдырууну сунуштоодо.

Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, 3-16 жашка чейинки үч же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөк пул алат, бул учурда жөлөк пул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт.

Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча мыйзам күчүнө кирген соң, 2018-жылы 30 миң бала жашаган 16 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгарылат.

Белгилей кетүүчү нерсе, жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгарылган балдар негизинен үч жаштан улуу бир, же эки балалуу, жанга карата жыйынтык кирешеси 900 сомдон төмөн болгон аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашайт.

Кабыл алынган мыйзам тууралуу кошумча белгилесек, бардык үй-бүлөлөр бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү жөлөк пул алат.

Өкмөттүн пикиринде, аталган мыйзам актуалдуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, учур талабына жооп берет.

Белгилей кетсек, кечээ Нарын шаарынын айрым тургундары жаңы жылдан тарта күчүнө кире турган мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты. Алар мыйзам долбоорунда бир-эки баласы бар ата-энелер эске алынбай калганын жүйө келтирип, учурда иштеп жаткан мыйзамды калтыруу талабын коюуда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!