"Ысык-Ата Арашан" ансамблине 25 жыл

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:51

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында кыргыз элине аты таанымал болгон инсандар тарбияланып чыккан Болот Эдигеев атындагы "Ысык-Ата Арашан" элдик фольклордук ансамблине 25 жыл мааракелик иш чара бийик дегээлде өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов чыгып сөз сүйлөдү. Анда министр ансамблде кызмат кылып жүргөн таланттарга ишине ийгилик каалап, дүйнө жүзү этникалык музыка жана нукура үрп-адатка кызыгууну акыркы жылдары артып жаткандыктан, ушул калыптан артка кетпей алдыга гана умтулуп, таланттарын ташкындата берүүнү тилек кылды. Ал эми аталган ансамблде иштеген кээ бир таланттарга сыйлыктарды тапшырды.

Бул иш-чарага депутаттар, фракциянын лидери Иса Өмүркулов, Өкмөтүнүн Чүй областындагы өкүлү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан да келип сөз сүйлөштү.

Аталган ансамбль Кыргыз эстарадасына жана фольклордун багытта атак-даңкка жеткен; Гүлнур Сатылганова, Салима Балтаева, Гулзат Батырканова, Дамира Ниязбекова, Кенже Кубатова, Токтобек Асаналиев, Умут Тилегенова, Чырмаш Торобеков өндүү жана башка таланттар чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!