​Кыргызстанга Өзбекстандан делегация келет

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:45

8-9-февраль күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын Тышкы соода министри Жамшид Хожаев баштаган делегация келет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-февраль күнү Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Жамшид Хожаев менен жолугат.

Андан соң эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн кеңири курамдагы жолугушуусу өтөт. Ошол эле күнү түштөн кийин Сокулук, Ысык-Ата райондорундагы бир катар ишканалар менен таанышуу жүрөт.

«Ошондой эле 9-февраль күнү Өзбекстандан келген делегация Ош шаарына барып, бир катар ишканаларды кыдыруу пландалган»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!