Сооронбай Жээнбеков Петер Бурианды кабыл алды

20-Фев. 2018, Шейшемби, 10:43

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Европалык бирликтин Кыргызстан менен болгон мындан аркы кызматташуусу тууралуу пикир алмашуу үчүн келген Европалык бирликтин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Европалык бирликтин институттары менен өз ара активдүү аракеттенишип жатканын белгилеп, Кыргызстан менен бул бирлик ортосундагы кеңейтилген шериктештик жана кызматташтык жөнүндөгү жаңы Келишимди макулдашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнүн маанисине токтолду.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча аракеттерин, социалдык программаларды, анын ичинде алыскы аймактардагы калкты таза суу менен камсыздоо долбоорун колдогону үчүн аталган бирликке ыраазычылык билдирди.

Петер Буриан Европалык бирлик Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин, парламенттик демократияны, мыйзамдын артыкчылыгын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган өлкөнүн аракеттерин колдой турганын белгиледи.

“Биз Сиздин аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап жатканыңызды байкап жатабыз жана бул жаатта так артыкчылыктуу багыттар аныкталганына оң баа беребиз”, - деп белгиледи Петер Буриан жана аймактарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтыкка даяр экенин билдирди.

Президент Кыргызстан элет тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү жана миграциянын агымын кыскартуу боюнча өнөктөштөрдүн жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!