Президент Баткен облусуна жөнөп кетти

20-Фев. 2018, Шейшемби, 11:11

Бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында мамлекет башчысы Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочулары менен жолугушат.

Президент ошондой эле Лейлек районунда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!