​Өкмөт 2018-жылдагы эс алуу күндөрдү жарыялады

1-Март 2018, Бейшемби, 12:38

Премьер-министр Сапар Исаков «Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» кыргыз өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, чечим 2018-жылкы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 3-марттагы дем алыш күнү 9-марттагы иш күнүнө которулат. Өкмөттүн аталган чечими ошондой эле жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине пайдаланууга сунушталат.

Буга байланыштуу кыргызстандыктар 8,9,10 жана 11-мартында эс алышат. Мындан тышкары, төмөнкүлөр которулат:

- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү (дем алыш күнү катары таанылат, анткени, 5-май дем алыш күнүнө туш келет) 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө которулат;

- 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө тийиштүү түрдө которулат.

Натыйжада, кыргызстандыктар кошумча түрдө 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат.

Иш күндөрү катары 2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы жарыяланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!