Депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды

2-Март 2018, Жума, 13:38

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Фархат Иминов өз мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды. Бул тууралуу маалыматты аталган эл өкүлүнүн кабылдамасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, депутаттыктан кетүү боюнча чечимди эл өкүлү 1-мартта кабыл алган. Ал мындай кадамга өз ыктыяры менен барган.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын мандатын тапшырганы тууралуу арыз келе электигин маалымдайт.

Ал арада Фархат Иминовдун ордуна Марлен Маматалиевдин келери айтылууда. Марлен Маматалиев буга чейин өкмөттүк аппараттын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Ал 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн.

Белгилей кетсек, социалдык түйүндөрдө ЖК депутаты өзүнүн жеке чечими менен ыйгарым укуктарын тапшыра тургандыгы тууралуу кайрылуусу жарыяланган. Анда ал өзүнүн мындай кадамдын саясатка байлоонун зарылчылыгы жок экендигин белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!