​Президент Мамлекеттик туунун күнү менен куттуктады

3-Март 2018, Ишемби, 11:28

Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Өлкө башчы куттуктоосунда азаттыкты, мамлекеттүүлүктү даңктаган ушул жаркын майрамда жалпы элге чың ден-соолук, ийгиликтерди, өлкөгө тынчтык, биримдик жана ынтымак каалайт. Кыргызстандын кызыл туусу ачык асман алдында эгемендиктин, эркиндиктин символу катары ар дайым желбиреп турушун айтып өткөн.

“Мамлекеттик желегибиз элибиз кылымдар бою эӊсеп келген эркиндиктин белгиси катары улуттук сыймыкка айланды. Ар бир жарандын жүрөгүнө мекенчилдиктин, өз элин, туулган жерин сүйүү сезимин калыптандырып, уюткулуу элибизди биримдикке жана ынтымакка, эмгекке жана жаратмандыкка чакырып турат. Кыргызстандын мамлекеттик туусу элибизди улам жаӊы бийиктиктерге шыктандырып, өлкөнүн намысын, кадырын бийик көтөрүүгө дайыма дем берип келет”, - дейт өлкө башчы.

Белгилей кетсек, 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн башкы символу – мамлекеттик туусу алгачкы ирет көккө желбиреп, эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилгендиги тууралуу дүйнөгө жар салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!