Бишкекте 3-мартта казак режиссеру Сабит Курманбековдун “Оралман” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тасмада Афганистанда жашаган казак үй-бүлөсүнүн тагдыры баяндалат.
“1930-жылы Казакстанда болгон репрессиядан үй-бүлө качууга мажбур болгон. Жылдар өтүп ал Казакстанга кайтууга квота алып жана артка кайтууга даярдана баштайт”,-деп айтылат маалыматта.
“Оралман” тасмасы Тегеранда өткөн 35чи “Фаджр” эл аралык кино фестивалында “Азиянын мыкты тасмасы” наамына ээ болгон.
Тасманын бет ачары 3-мартта саат 16:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот.
Тасма тууралуу маалымат.
Режиссер: Сабит Курманбеков
Сценарийдин авторлору: Нурлан Санжар, Сабит Курманбековдун катышуусунда
Койгон-оператор: Марс Умаров
Сүрөтчү: Рустам Одинаев
Композитор: Айдос Сагатов
Ролдордо: Дулыга Акмолда, Ержан Тусупов, Есим Сегизбаев, Шынар Аскарова, Баян Кажнабиева.