Илон Маск дүйнөлүк “WiFi”дын сыр сөзүн жарыялады

24-Фев. 2018, Ишемби, 14:18

“SpaceX” компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск дүйнөлүк интернетке кол жеткизүүгө арналган символдордун сыр сөзүн жарыя кылды.

Бул тууралу ал өзүнүн “Twitter” тиркемесиндеги баракчасында тамаша- пост жазган.

«Эч кимге айтпаңыздар. “WiFi”дын сыр сөзү — «марстыктар», — деп жазылган.

Бир күн ичинде Илон Масктын бул жазуусун колдонуучулар 6 миң ирет бөлүшүп, 41 миңден ашык адам «лайк» белгисин баскан. Желе колдонуучулары миллиардердин тамашалаганын билдирген пикирлерди жазышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!