Көп жылдар бою “катып” турган кыргыз-өзбек мамилеси жанданып, чечилбей келе жаткан эки өлкөнүн ортосундагы чек араны тактоо иши бир кадамга алга жылды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1170 чакырым такталган чек араны бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Расмий документке жакында иш сапары менен расмий Ташкентке бара турган президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюлары күтүлүүдө.
Кыргызстанга алгач ирет келген өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов жакын кошуналык сезим бар экенин, ортодогу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ынтызар экенин жашырбады. Дээрлик тогуз жылдан бери токтоп турган чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынында Арипов чек араларды делимитациялоо жана демаркация боюнча сүйлөшүулөрдө эки тарапка тең пайдалуу боло турган чечимге келебиз деген үмүтүн билдирди.
“Айрыкча кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоо боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр кубандырат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюшту. Эки тарап соода жана анын структурасын түрүн мындан ары өнүктүрүүнүн маселелерин караган салык кызматташтыгын жана бизнес, бизнес-түзүмдөр жана региондордун ортосундагы байланышты өнүктүрүүнү күчөтүү үчүн эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөштү. Биз дуушар болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, өз ара соода жүгүртүүнүн олуттуу көлөмүн жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү транспорт жана байланыш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү этап-этабы менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү бар»,- деди Абдулла Арипов.
Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков чек араны тактоо боюнча жетишилген келишимди тарыхый окуя катары сыпаттап, чек аранын калган бөлүгүн тактоо иши улантыларын билдирди. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жети жылга жакын убакытка созулган.
“Кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу мамилелердин автивдешүүсүн кубануу менен белгилейм. Эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны акыркы жолу 2009-жылы өткөрүлгөн. Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу мүнөздөгү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат»,-деп белгиледи кыргыз өкмөт башчысы.
Геосаясий маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул кызынын пикиринде, эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ортодогу талаш тилкелерди тактоого ынтызарлыгы чын ниеттен болуп жатканы жакшы жышаан. Бирок, азырынча бул маселе чечилиши күмөн. Анткени маселе өтөт тереңдеп кеткен.
“Ишеним болгон чакта дагы бири алдыга кетип, экинчиси артта калбай ишти жарыш алып кетиши абзел. Эң ириде элди ынандыруу маселеси турат. Маселен Кытайда чек ара тоо менен, Казакстанда суу аркылуу өткөн үчүн, чек ара маселеси оңой чечилген. Фергана өрөөнүндөгү кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамлекеттери чектешкен аймактарда чек ара боордош эле ага-ининин үйүн бөлүп койгон. Калк жашаган пункт аркылуу өткөндүктөн көп жерлер үлүшкө өтүп кеткен. Элден жерди сатып алуу керек. Бул жерде ишке ашыра турган структуралар, алардын координациялары кандай болот, ага бийликтин потенциалы жетеби, эл менен тил табышып ынандыра алабы? Кептин баары ушунда. Жалпы жонунан алганда чек араны чечүүгө мүмкүнчүлүк болгону менен потенциал азыраак”,-деди талдоочу.
Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы таткалды. Ортодо 58 аймак талаштуу экени айтылып келет. Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекети болсо, алардын бешөөсү гана ачык режимде иштейт.
Айрым аймактарда үйдүн астанасынан аттаганда кошуна өлкө көрүнүп турган эки өлкө түбөлүк достук келишимине кол койгон. Акыркы 20 жыл аралыгында жакын кошуналык жылуу мамиле солгун тартып, бири-бирине сыртын салган мамиле чыңалып олтуруп, ортодо көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да майда-барат чыр-чатак, пикир келишпестиктер маал-маалы менен орун алып турган. Өткөн жылдын сентябрь айынан баштап “тоңуп турган муз ордунан козголуп” эки өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери бири-бирине зыяратка бара баштап, кадимден калган кошуналык жылуу мамиле акырындык менен калыбына келүүдө. Ага мисал катары оштук делегациянын Анжиянга барышы, анжияндык делегациянын Ош шаарына келишин айтууга болот. Мындан сырткары ушул жылдын 4-июлунан баштап Өзбекстандын жарандарынын Ысык-Көлдө ыңгайлуу эс алуусуна шарт түзгөн «Ташкент – Тамчы» түз авиа каттамы ишке кирди.