Тайган агытып куш салып эл журтун багып келген мүнүшкөрлөр ар бир айылда болсо керек. Азыр заманга жараша ата-бабалардан калган мүнүшкөрлүк өнөрдү аркалаган адамдардын саны сейрек кездешип калды. Ошондой ар бир адамдын колунан келе бербеген өнөрдү аркалаган каарманыбыз Аман Исраилов бизде конокто болуп учурдагы мүнүшкөрлүктүн абалы тууралуу ой бөлүштү.
- Мүнүшкөрлүккө кызыгуу качан башталган?
- Бүркүт багуу менен 20 жылдан бери алектенип жүрөм. Бул өнөрдү бала кезимде алгач кулаалы таптоо менен баштадым. Кулалыны таптаганды билбей аны үйгө багып ата-энемен тил угуп бир жылдай бактым. Андан кийин мектепти бүткөндө дос баламдын жездеси балапан бүркүт кармап алыптыр ошол менин алгачкы бүркүтүм болду. Аны бир жылга жакын таптадым ал кезде таптаганды билбейм. Окуп үйрөнөйүн десем китептер жок, биздин өрөөндө кеңеш берчү кишилер да жок эле. Анан ал бүркүт көзүнө көрүнгөн ит мышык койлорго чейин кол салып, ар кимге жаман көрүнүп жатып бир жылдан кийин учуруп жибердим. Ушундан кийин 3-4 жылдай баккан жокмун. Андан кийин 97-жылдан баштап 2005-жылга чейин 3-4 бүркүт бактым. Кийин бир бүркүттү алып көлгө салбуурунга бардым ошол жерден бүркүтчүлөрдөн бир топ ыкмаларын үйрөндүм. Кийинки жылдары жакшы өздөштүрүп калдым. Ошондон тарта мелдештерден 1-2-орундарды ишенимдүү алып жаттым. Ушул күнгө чейин 10дон ашык бүркүт таптадым ошолордун ичинен жакшы тапталгандары 3-4өө болду. Учурда “Оймок” деген бүркүттү багып жүрөм. “Оймок” тууралуу документалдуу кино тартылып, байгеге ээ болгон.
- Бүркүттү таптоо үчүн канча убакыт керектелет?
- Балапан бүркүттөр август айыны ичинде биринчи жолу учат тактап айтканда энеси учурат ошол учурда алган жакшы болот. Ушундай темир канат кезинде алып бир жылдын ичинде адамга көндүрөсүң. Бир жылда адам менен бүркүт бири-бирине көнүш керек. Ошондо чакырганыңа келип, качпай калат. Анан эки жылдан кийин алгач коенго анан түлкүгө кылып акырындык менен барып карышкырга салышың керек. Жаш кезинде карышкырга салып койсоң, алар тиштеп салса көңүлү келбей калат. Кыскасын айтканда жакшы таптасаң бүркүт эки жылда табына келип ууга жарап калат. Өзү учуп чыга электе уядан кармасаң ууга жарабайт экен. Бир эки жолу уядан ак бозум кезинде алып көрдүм. Бирок андай болгондо тамагы туура эмес берилип калабы, кыскасын айтканда энесиндей бага албайт экенбиз. Бир бүркүттү ошондой кезинде алып келип эки жылдай бактым бирок күчтөнбөй койду. Ушундай кезинде баксаң адамга жакын болуп жырткычтык касиети жок болуп калат экен.
-Жакшы билген мүнүшкөр катары айтсаңыз бүркүт кандай канаттуу?
-Бүркүт эң эле кырс жаныбар десем болот. Бир жолу катуу чаап же көңүлүн калтырып койсоң өзүңө кол салганга даяр. Карышкырды качырсаң качат го, ал эми бүркүт эч качан тайманбайт. Өлгөнчө кармашат. Негизи өзү таза жаныбар. Анан өтө чыдамкай келет көп жашайт. Баардык эле бүркүттөр карышкырга кол сала бербейт. Кээ бирлери коркок болот. Айрымдары тарп жегенди жакшы көрөт, дагы бири өзү кармап өлтүрүп жегенди жактырат.
Ал эми тамактануусу айтсак бүркүттөр көп да жебейт. Мисалы 1 коен кармаса анын теңин жейт чоңураак болсо эки санын, түлкү болсо бир далысын жейт андан ашык жебейт. Эгер таза эт эмес өлгөн жаныбардын этин берсең жей берет бирок анда жүнү түлөбөй көңүлсүз жүрөт. Андай бүркүттөр ууга жарабайт.
- Сиз үчүн мүнүшкөрлүктүн пайдасы кандай?
- Мурда бүркүт багып анын учуп конгонун, кайрылып сага келгенин көрүп андан ырахат алуу менен чектелип жүрдүк. Кийин оюндарга катышып сыйлыктарды алып, мергенчиликке чыгып жүргөн элек. Эки жылдан бери туристтер менен да иштеп жатабыз. Туристтерге атайын шоу көргөзүп берем, биринчи чыргага салам, колго үндөккө чакырам, мүнүшкөрлүктүн тарыхын айтып берем. Ошого 2500 сом төлөп беришет. Акча төлөп берсе бир азда болсо стимул болот экен. Үй-бүлөң да жактыра баштайт экен.
- Мамлекет тарабынан кандай колдоолор болуп жатат?
- Чынын айтсак жогору жактан анчалык колдоо болбой жатат. Бизде мыйзам боюнча уруксат берилген эмес. Бүркүт Кызыл китепке кирген канаттуу мыйзамга такаса жоопко тартып койсо болот. Чет өлкөгө алып чыга албайбыз. Эгер бирөө бир жерден бүркүт кармап алса ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Кыскасын айтканда мүнүшкөрлүккө уруксат жок. Ал эми Кытайда мамлекеттик деңгээлде көз салып турушат. Ошондой эле казактарда да мүнүшкөрлүккө колдоо көргөзүлүп турат. Акыркы кездеги Көчмөндөр оюндарында салбуурун улуттук оюн катары кирип калгандыктан мүнүшкөрлүктүн баркы жогорулап калды же болбосо көңүл бурулган эмес. Ал эми эл "азаматсың ата-бабалардан калган өнөрдү аркалап келетасың" деген сөзү эле бизге чоң колдоо.