Эки күндөн бери Ысык-Көлдө тоо күйүп жатат

3-Ноя. 2017, Жума, 10:36

Ысык-Көл областында тоонун бети күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунда тоонун бети эки күндөн бери күйүп жатат. ӨКМнын билдиришинче тоо бетиндеги күйгөн кургак чөптүн аянты болжол менен15 гектар аянтты түзөт.
Учурда өрттү өчүрүү иштерине 100гө жакын жергиликтүү тургун жана ӨКМнын 18 куткаруучу кызматкери тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!