2-май: үшүк жүрүшү күтүлөт

2-Май 2017, Шейшемби

Бүгүн, 2-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Нарында түнкүсүн -1…-3, күндүз +9…+14;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21 градус ысык болот.

Ал эми Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жашылчаларга коркунучтуу. Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу автожолдордо кар көчкү коркунучу сакталууда. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты кармоо сунушталат. Тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!