3-май: күн ачык болот

3-Май 2017, Шаршемби

Бүгүн, 3-майда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Ошондой эле Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүп, бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө-жемиш бактарына, өсүмдүктөргө коркунуч алып келет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Нарын аймагында түнкүсүн -1…-3 суук, күндүз +14…+19;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 21…23 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!