Өткөн жылы дүйнөдөгү “эң акылдуу шаар” деп табылган Сингапур шаары быйылда биринчиликти башкаларга берген жок. Мындай изилдөөнү Juniper Research компаниясы Intel корпорациясынын жардамы менен ишке ашырган.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, дүйнөдөгү эң алдыңкы 10 “акылдуу шаардын” тизмеси жарыяланган. Анда интернет-технологиялар сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу системасында максималдуу пайдалануу өзгөчөлүктөрү каралган. Атап айтканда, шаар коопсуздугу үчүн транспорт каражаттарын көзөмөлдөө, саламаттыкты сактоо, коомдук тартипти жөнгө салуу тармагында колдонулган жаңы технология жетишкендиктери иликтенген. Ага ылайык, Сингапур 4 багыт боюнча биринчиликке чыккан. Алар: мобилдештирүү, саламаттыкты сактоо, коомдун коопсуздугу жана эмгек өндүрүмдүүлүк.
Ошондой эле айрыкча Сингапурда авто тыгындарды алдын алуу үчүн жолдор жана аны көзөмөлдөө системасы дүйнөдө эч бир шаарды алдыга салдырбайт. Мындан улам Сингапурда транспортту компьютердик система менен башкарууда айдоочулар бир жылда 60 саат убакытты үнөмдөгөн.
Андан сырткары медицина жаатында да онлайн-консультация алуу мүмкүн болгондуктан оорулуу адамдын убактысы үнөмдөө да жакшы жолго коюлган. Ошондой эле, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүүгө карата видео күзөтүү системасы да эң мыкты экени айтылат.
Ал эми Сингапурдан кийинки орунду Лондон, Нью-Йорк, Сан-Франциско, Чикаго, Сеул, Берлин, Токио, Барселона жана Мельбурн шаарлары турат.
Дүйнөдөгү “акылдуу шаарлардын” катарына кирүүнү кыялданган Кыргызстан...
Дал ушул “акылдуу шаардын” катарына кирүүнү кыялданган Кыргызстан 10 жыл мурда эле бул боюнча алгачкы кадамдары башталган. Белгилеп кетсек, 2008-жылы эле азыркы “Акылдуу шаар” долбоору мурда “Коопсуз шаар” долбоору деп башталган. Бирок, ошондон бери аталган долбоор толук кандуу ишке ашпай келет. Тактап айтканда, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн үстүбүздөгү жылдын 11-январында кыргыз өкмөтү кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, кытайлык компания Бишкек менен Ош шаарына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна жана “Манас” аэропортуна кетчү жолго көзөмөл камераларын орнотууга, аларды техникалык жактан тейлөөгө 60 миллион долларлык инвестиция жумшалып, долбоор бир жарым жылда ишке ашырылмак. Ал эми жумшалган каражатты кыргыз өкмөтү беш жыл ичинде кайтарып бермек. Бирок, 14-мартта кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу кытай компаниясы менен түзүлгөн келишимден чыгууну чечти.
Кыргыз өкмөтүнүн “акылдуу шаар” долбоорунун багы ачылбай жатышына эмне түрткү болду?
Бул боюнча өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишим тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн сакталбагандыгына: долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин, атап айтканда, техника-экономикалык негиздеменин сапатсыз даярдалышына жана сунушталышына байланыштуу эсептелет. ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму тарабынан Өкмөттүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес.
Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечкен.
Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов: “Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик”, – деди.
Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда Өкмөт кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.
Кыргыз өкмөтүнүн “акылдуу шаар” долбоору боюнча аткарып жаткан иштеринде жылыш байкалуудабы?
Фото: Sputnik Кыргызстан
Бул маселе боюнча Экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев “акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн милдеттер кытайлык компания тарабынан аткарылгандан кийин кыргыз өкмөтү келишимден чыгып туура эле кылды деген ойдо.
Анын айтымына караганда, аталган долбоор “таза коомдун” бир бөлүгү болгондон кийин аны сөзсүз түрдө ишке ашырыш керек. “Акылдуу шаар” долбоору таптакыр ишке ашкан жок деген да туура эмес, бул долбоор өзүнө бир канча компонеттерди камтыгандыктан, долбоордун ичиндеги саламаттыкты сактоо, коомдук транспортторду көзөмөлдө, коомдук тартипти көзөмөлдө сыяктуу багыттардын кайсы бир багыттары акырындын ишке ашып жатат.
“Бул долбоорундун алкагында, саламаттыкты сактоодо тармагында азыр ооруканаларда каттоо карталары электрондук форматка өтүп баштаса, бала бакчаларда балдар электрондук тизмеге турууга өтүп жатат. Электрондук парталдар жана башкалар ишке кирип жатат. Ошондуктан “акылдуу шаар” долбоорун негизинде коопсуздук шаарда ишке ашып калса жакшы болмок. Анткени, Бишкетин жолдорундагы автоунаа тыгындары азаймак жана элдердин коопсуздугу да камсыздалмак. Мындан улам аталган долбоорду ишке ашырууга башка инвестор табыш керек”,- дейт Акенеев.