Кечээ, 13-мартта Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйынга Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери аныктоо үчүн түзгөн депутаттык комиссиянын курамына кирген 12 депутат же Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү - Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен» фракциясынан) катышты. Аталган комиссия мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.
Жыйында депутат Исхак Масалиев ЖЭБдеги авариянын келип чыгышы боюнча жетекчилер түрдүү маалыматтарды берип жатканын айттып, сынга алды.
«Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темилан Биримкуловдун, «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевдин авариянын болуу себептери жаатындагы маалыматтары бири-бирине дал келбей жатат»,- дейт Масалиев.
Ошондой эле ал Бишкек ЖЭБи жалаӊ ата-бала, ага-инилер, жек-жааттар иштеген энергетикалык үй-бүлөлүк кланга айланып калганын белгилеп, ЖЭБди модернизациялоо боюнча жумушчу топко кимдер жумушка тартылганы боюнча тизмени бүгүнкү күнгө чейин ала албай жүргөнүн билдирди.
«ЖЭБди модернизациялоо башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жогоруда аталган жумушчу топтун курамына сиздин уулуңуз кирди беле?»,- деп кайрылды Масалиев.
Бримкуловдун айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча түзүлгөн 7 адамдан турган жумушчу топтун курамына анын уулу да киргени менен ал ага түздөн-түз баш ийбейт. Ал группанын башчысына баш ийет.
«Ошондой эле аны «Электр станциялары» ишканасы жумушка алган»,- деп депутаттын суроосуна жооп берди Бримкулов.
Ал эми Масалиев мындай көрүнүштү сынга алып, кызматкерлердин толук тизмесин берүүнү талап кылды.
«Мында кызыктай жагдай түзүлүп калыптыр. ЖЭБди модернизациялоо боюнча жумушчу топто ата-бала иштейт. ЖЭБдин директорунун агасы цехтин башчысы болуп иштейт. Дагы бирөөнүн келини иштейт. Уят го!», - дейт Масалиев.
Ошол эле учурда комиссия Бишкек ЖЭБге коюлган 128 камера боюнча маалыматтарды да тактады. Анткени, буга чейинки жыйында аталган комиссиянын мүчөсү депутат Акылбек Жамангулов Бишкек жылуулук электр борборундагы видео камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын айткан эле.
Мындан улам депутат Сайдулла Нышанов коллегасынын айткандарына токтолуп, ал алтындан жасалган видеокамералардын ар бирөөсүнүн баасы орточо эсеп менен алганда 12 эсеге кымбат экенин айтып сынга алды.
«Акылбек Жекшенович видео камералар боюнча айтты. Бүгүн ал боюнча интернет сайттарына чыгууда. Алтындан болгон видео камеранын бирөөсү бүгүнкү базар баасынан 12 эсе кымбат болуп чыгып жатат. Бул боюнча коомдо суроолор пайда болууда. Буга ким жооп бере алат»,-деп тиешелүү жетекчилерге кайрылды.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов борбор шаарда аба булгангандыктан кымбат баадагы видеокамера орнотконго туура келгенин жана ал камералар алыстыкты даана көрсөтө турганын айтып, ошого жараша баасы да кымбат экенин түшүндүрдү.
«ЖЭБде орнотулган видеокамералар күйүү процессин көрсөтүп турат. 1000 градус ысыкта туруштук берет. Видеокамералар дүйнөлүк стандартка жооп берет», - деди Бримкулов.
Ал ортодо Бишкек ЖЭБдеги видео камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экинин Улуттук энергетикалык холдинг ишканасынан кабарлашты.
Аталган ишкананын маалыматтына ылайык, Бишкек жылуулук электр борборундагы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 300 доллар турат. 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт. Видеокөзөмөл орнотуу ишине жалпы 1 млн. 738 миң 503 доллар каралган. Жабдууларга, орнотуу каражаттарына, тетиктерге кеткен сумма 1 млн. 94 миң 951 долларды түзкөн. Калган каржаттын бөлүгү программаларга, кабелдик зымдарга, серверлерге жана аларды монтаждоо иштерине жумшалган. Андан тышкары, от казандын ичине эки атайын видео камераны орнотуу үчүн да акча коротулган.
Ал эми депутат Акылбек Жамангулов ЖЭБге коюлган камераларды өткөн отурумда көтөргөндүгүн жана бул маселе боюнча комментарий бербөөлөрүн же далилдөөнүн кереги жоктугун айтты.
«Бул маселени мен көтөрдүм эле. Бул боюнча комментарий же далилдебеңиздер деп айтат элем. Өзүңөр уят болуп каласыңар. Мен азыр тастыктап берейин. Интернеттен дүйнөдөгү 10 мыкты камераны карагыла. Андай камера Кыргызстанда саналуу гана. Мисалы, «Манас» эл аралык аэропортунда, «Кумтөрдө» сыяктуу өтө чоң мекемелерде бар. Алардын орточо баасы 10 миң доллар. Бирок, ал камералар 10 км жерден адамды көрсөтөт. А сиздер 128 камера менен кимди караганы жатасыңар? Бишкекти тегерете койдуңарбы? Ошондой эле жана мен айткан дүйнөдөгү эң мыкты 10 камераны өндүрүүчүлөрү Европанын, Американын компаниялары. Сиздердин ЖЭБге орноткон камералар кытайдын жабдыктары»,- дейт Жамангулов.
Ошондой эле ал бул боюнча эртең тастыктап, журналистер үчүн маалымат катары ЖЭБдеги видеокамералар каяктан чыкканын жана эмне видеокамералар коюлгандыгын билип келээрин айтты.
Ал эми бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутат Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБине барып, талкууга алынган видеокамералардын санын жана сапатын тактап келгендигин маалымдады.
Депутаттын айтымында, жылуулук борборуна 123 камера жана бир сервер орнотулган.
«Алардын сегизи гана атайын видеокамера катары мештерге жана барабандарга коюлган, ал эми калгандары кадимки эле күнүмдүк турмушта колдонулуучу жылуучу жана туруктуу камералар», – дейт Жамангулов.
Ошондой эле депутат аталган видеокамераларды сүрөткө тарта келген.
Эскерте кетсек, Кытай мамлекетинен алынган 386 млн. доллар насыяга Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, былтыр аягына чыккан жана 30-августта расмий ишке берилген. Анда заманбап эки блок курулуп, ЖЭБ 300 мегаватка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 812 мегаватка жеткени айтылган. Бирок, 26-январда кечки саат 6 чамасында ЖЭБдин модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөп, шаардын тургундары бир канча күн жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг ишканасынан Бишкек шаарынын тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күндүк акыны төлөшпөй тургандыгын кабарлаган. Ал эми Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.