Супермаркеттер товарларды кантип “жаңылашат”?

Супермаркеттер товарларды кантип “жаңылашат”?
12-Янв. 2018, Жума, 14:01

Жаңы-жылдан кийин супермаркеттердин текчелеринде көптөгөн азыктар калат. Дүкөн ээсине бул азыктар бузулуп кетпеши үчүн тезирээк өтүп кетүүсү тийиш.

Экперттер ушундай азыктардын тизмесин жасаган. Мүмкүнчүлүк болсо мындай азыктарды февраль айына чейин албай турган оң.

Конфеттер. Дүкөн кызматкерлери майрамдан кийин калган таттууларды бир текчеге коюп, «акциялык ассорти» деп жазып коюлары мүмкүн. Керек болсо убактысы өтүп бара жаткан конфеттерди жаңылары менен аралаштырып жиберишет.

Алкоголь. Текчелерде убактысы өтүп бара жаткан ичимдиктерге толот. Өзгөчө сыра менен кошулмалары бар арак алуудан абайлаңыздар.

Салаттар. Эски Жаңы жылга мүмкүн болсо салат сатып албай койгон жакшы. Адатта аларга Жаңы-жылда сатылбай калган чучук (колбаса) менен сыр калдыктары кошулат.

Тартылган эт. Супермаркеттер майрамдарда жүздөгөн килограмм этти сатып жетишпейт. Ал алардын сактоо убактысы көп болсо 14 саат. Убактысында сатылбаган эттер эт туурагычтан өткөзүлүп, текчелерге коюлат

Жумуртка. Жаңы жылдан кийин дүкөн кызматкерлери эски жумурткаларды жаңылары менен аралаштырып жиберишет.

Ал январдын аягына чейин майонез сатып алууга болот. Себеби бул азыктын сактоо убактысы узак. Ошондой эле консервалар кийинки жылга жеңилдик менен оюнчуктар менен гирляндыларды сатып алууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!