Семичкеден баш тарткан адамды жолуктуруу мүмкүн эмес болсо керек. Бул азыктын ашказан ооруларын пайда кылаарын билсек да семичке чакканыбызды токтотпойбуз. Ошентсе да ашказан ооруларынын пайда болушунда семичкенин эч кандай күнөөсү жок. Ал өзүбүздөн гана көз каранды. Тазаланган семичкени гана сатып алып, чени менен чаксак, семичкенин пайдасын гана көрө алабыз.
Пайдасы
Витамин кампасы
Күн караманын даны - чыныгы витамин кампасы. Болгону жарым стакан семичкеде адамга бир суткада керектелүүчү Е витамини бар. Бул витамин жүрөк ооруларынын, рактын, көрүүнүн начарлашын алдын алат. Мындан тышкары бул витамин эркектердин сексуалдык кубатын көтөрөт.
Семичке - Д витамининин да булагы. Көп өлчөмдө болбосо да А, В тобунун витаминдери бар.
Туура, семичкенин курамындагы витаминдерди башка жемиштерден деле алсак болот. Бирок, семичке мөмө-жемиштерден айырмаланып, кышында да өзүнүн пайдалуулугун жоготпойт.
Магнийге бай
Семичке өзүнүн кабыгынын астына көптөгөн баалуу микроэлементтерди жашырып турат. Мисалы, йогурт менен сметанада канча кальций болсо, семичкеде деле дал ошончо кальций бар. Ошондой эле цинк, фтор, йод, темир... Ал эми окумуштуулар семичкедеги магнийдин санын эсептеп чыгышып, бул азыкты инфаркттын, атеросклероздун жана башка жүрөк ооруларынын алдын алуучу азыктардын катарына кошушкан. Анткени, 100 грамм семичкеде 311 мг магний бар. Бул кара нандагы магнийге караганда 6 эсе көп дегенди түшүндүрөт. Күнүнө 100 граммдан семичке чагып турган адам ар кандай жүрөк ооруларынан алыс болот.
Үй психотерапевти
Бул - стресске каршы азык. Семичке чагып отурган адам өзүн бош таштап, бир канча убакытка чейин өзүнүн иштери жана маселелери тууралуу унутат. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, семичке чагуу процессинде адамдын психикасы тынчтанып, ал жаман ойлордон алаксыйт жана кандайдыр бир деңгээлде ырахат алат. Зыяндуу адаттардан - тамеки чегүүдөн арылууга жардам берет. Андыктан, семичкени валерьянканын жана психотерапевттин ордун алмаштыра алат деп айтууга болот.
Мындан тышкары...
Семичке организмдин кычкылдуулугун бир деңгээлде кармап турат.
Жалтырак жана кубаттуу чачка ээ болуу үчүн организмге цинктин белгилүү өлчөмү талап кылынат. Күн караманын жана ашкабактын семичкеси бул микроэлементке бай.
Семичке чагуу - машина айдап баратып уктап кетпөөнүн эң жакшы ыкмасы.
Спорт менен машыккан, оор жумуш менен эмгектенген адамдар үчүн да семичке пайдалуу, анткени, ал булчуң системаларын бекемдейт.
Оор жаракаттан же сыныктан кийин куурулбаган семичке ткандардын калыбына келишин жана айыгышын жөнгө салат.
Зыяны
Семичкени көп чагуу - тиштин эмалынын бузулушуна алып келет.
Күн карама тамыры аркылуу топурактан өзүнө свинец жана кадмий аттуу микроэлементтерди сиңирет. Булар менен күн караманын семичкеси да каныгат. Семичке чагуу процессинде бул микроэлементтер биздин организмге түшөт. Ал эми организмдеги ашыкча кадмий бөйрөк ооруларын, гипертонияны жана акыл-эстин өнүкпөй калуу ооруларын чакырат.
Буттун ревматизм оорусун айрымдар каптагы куурулган ысык семичкеге бутун салып отуруу менен дарылашат. Балким, сиз колдон сатып алган семичке да кимдир-бирөөнүн бут оорусуна даба болгондур...
Энергиялык кубаттуулугу жогору болгондуктан, ашыкча салмактан жапа чегип жүргөндөргө андан бетер маселе кошот.
Семичкени туура кууруу боюнча кеңештер
Семичкени кууруунун алдында чаңын кетирип алуу үчүн крандан чыккан муздак суунун агымына тосуп, кургатпай туруп эле кызып турган чоюн идишке салуу керек.
Кууруп жатканда жыгач аралаштыргыч менен тынымсыз аралаштырып туруу керек. Качан гана семичкелер тырсылдай баштаганда идишти оттон чыгарып, бирок, аралаштырууну токтотпоо зарыл. Бир аз убакыттан кийин кайра отко коюу керек. Ушул процедураны 3-4 жолу кайталасаңыз, семичкени туура кууруган болосуз.
Кууруп бүткөн соң семичкелерди тегиз кылып тактайдын бетине жайып, үстүн буладан тигилген кездеме менен жаап 10 мүнөт коюп коюңуз.
Тарыхынан бир үзүм
Семичкенин мекени болуп Америка эсептелинет. Европага аны XVI кылымда испаниялык басып алуучулар алып келишкен. Күн караманы алгач европалыктар бактарын кооздоо үчүн колдонушкан. Россияга болсо күн караманын данын Голландиядан Петр I алып келген. Славяндар аны "күндүн гүлү" деп аташып, алар да кооздук үчүн колдонушкан. XVIII кылымдан баштап гана семичке азык колдонула баштады. Ошентип, Россиядан бизге келип жеткен.