Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов дайындалды.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Ал буга чейин Кемин районунун акими болуп иштеп турган.
Мурдагы өкүл Бактыбек Кудайбергенов 2013-жылдан бери иштеп турган. Ал өз каалоосу менен кызматынан кеткен.
Улан Карагулов 1979-жылы Кемин районунда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин экономист-финансист адистигин аяктаган.