Террор миллиард долларлык чыгымга учуратты

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 17:38

Глобалдык Терроризм индексине ылайык террордук кол салуулар жыл сайын миллиарддаган долларлык жоготууларга себеп болууда.

Маселен, кол салуулардын таасири 2016-жылы 84 миллиард долларга жеткен. Ал эми 2017-жылы жоготуулар өткөн жылга салыштырмалуу дагы көбөйгөн.

11-сентябрдагы окуядан кийинки мезгилдерде өзгөчө Иракта коопсуздуктун абалы төмөндөгөндөн улам жоготуулар 2014-жылга чейин толкун түрүндө болду. ДАИШ күч алганда террорчулуктун чыгымы бир эле жылда 104 миллиард долларга жеткен.

Жаңжал болуп жаткан өлкөлөрдө террорчулуктун экономикага таасири тийип жатат. Булардын катарына көбүнчө Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африка, Түштүк Азия кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!