Көбүрөөк китеп окууга 10 себеп

Көбүрөөк китеп окууга 10 себеп
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:55

1.Кыялыңызды курчутасыз

Китеп окуп жатып, сиз автор сүрөттөгөн картинаны элестетип, кыялданасыз. Ушундайча кыялыңызды өнүктүрөсүз.

2. Фильмге караганда китеп кызыктуурак экенин түшүнөсүз

Китеп окуган кезде толук картинаны элестетүү үчүн сиз өз кыялыңызды пайдаланасыз. Баары сиз каалгандай болот. Эч бир Голливуд режиссеру сиздин кыялыңздан артык көрсөтө албайт.

3. Адамдар тууралуу көбүрөөк билесиз

Жакшы китеп, каармандардын мүнөзүн ачып отуруп, сизге түрдүү адамдардын белгилүү бир учурларда кандай аракет кылаарын көрсөтөт.

4. Машыга аласыз

Сиз каалаган темадагы жактырган илимий же көркөм адабиятты тандай аласыз. Программалаштыруудан баштап ашпозчулукка чейин ар түрдүү кызыккан нерсеңизди үйрөнүп машыга аласыз.

5.Билимиңиз артат

Сиз окуп чыккан ар бир китеп сизге жаңы билим берет .Ушундайча, окуп отуруп, сиз күн сайын билимдүү боло баштайсыз.

6. Сиз жагдайга жараша ар кандай багыт тандай аласыз

Бир теманы камтыган китептерди же болбосо сиздин оюңузга туура келген китептерди окуп отуруп, сиз жагдайды ар түрдүү көз караш менен кароо мүмкүндүгүнө ээ болосуз.

7. Күмөн санаган кезде

Кээде сиздин ишенимдериңизге күмөн туудурган идеяларга туш болосуз. Бул сиздин көз карашыңыздын тууралыгын дагы бир ирет далилдеп, же болбосо анын туура эместигин моюндатып, баш тартууга мүмкүндүк берет.

8. Ой-жүгүртүүңүз өзгөрөт

Түрдүү темадагы китептерди окуп жатып, сиз ар тараптан өнүккөн акылдуу адам боло аласыз.

9. Маекти алып кете аласыз

Түрдүү адабиятты окуу сизди көп окуган, ар бир темада сүйлөшүп кете алган маектеш катары көрсөтөт.

10. Өзгөнүн тажрыйбасын колдонуу

Китептин авторлору өз идеяларын кантип ишке ашыргандыгы тууралуу жазышат эмеспи. Сиздин ошол идеяларды бир нече саат ичинде үйрөнүп алууңузга мүмкүндүгүңүз бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!