Татымалдардан турган мозаика Гиннеске кирди

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:44

Кытайда Сычуань провинциясынын Чэнду шаарынын ресторандарынын биринде 8 миң 695 куту татымалдан (специя) жасалган мозаика дүйнөлүк Гинесс рекорддор китебине кирди. 1 тоннадан ашык татымал керектелген мозаиканын узуну жана туурасы 8 метр, жалпы аянты 64 чарчы метрди түзөрүн “Жэньминь жибао” гезити жазды.

Ага колдонулган специялар Кытайдын "хого" тамагын жасаганга пайдаланылат жана курамында кызыл, жашыл калемпир, корица жана башкалар камтылган.

Дүйнөлүк рекорд “Татымалдардан турган эң чоң мозаика” деп аталды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!