Ченемсиз көп жол эрежесин бузуулар катталды

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:50

Кыргызстанда бир жума ичинде 17 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы жума ичинде патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган 16 570 факты катталган. Катталган бардык факты боюнча административдик протокол түзүлгөн.

Эреже бузуулардын басымдуу бөлүгүн коопсуздук курун тагынбоо, жол эрежелерин сактабай коюу, телефон менен сүйлөшүү фактылары түзөт. Башкача айтканда, акыркы жума ичинде 4147 коопсуздук курун тагынбаган факты катталса, жол эреже белгилерин сактабаган – 3212, унаа башкарып бара жатканда уюлдук телефон менен сүйлөшкөн – 3098 факты катталган.

Андан сырткары төмөнкү эреже бузуулар боюнча протокол түзүлгөн:

- Жолдо башка айдоочуларга тоскоолдук жараткандар – 1537;

- Жарык чырактары жок – 149;

- Светофордо кызыл күйүп турганда өтүп кеткен – 565;

- Жогорку ылдамдыкта айдоо – 482;

- Документи жок унаа башкаруу – 281;

- Мас абалында унаа башкаруу – 253;

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 50;

- Унааны техникалык мүчүлүштүктөрдү менен башкаруу- 348;

- Унааны мамлекеттик номери жок башкаруу – 30;

- ИИБнин кызматкерлери тарабынан унааны токтотууга башка ийбөө – 25;

Башка эреже бузуулар – 1008. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 655 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!