Бел оорунун себептери

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:15

Бел оорусу эмгек кылууга жарактуу адамдардын дээрдик баардыгында көп учурайт. Оору организмдеги башка дагы процесстердин таасиринен пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан дарты алдын алуу үчүн оорунун эмне себептен келип чыкканын билүүбүз керек.

Бел оорусунун себептери:

Бөйрөк оорусу

Бөйрөк заара жолу менен байланыштуу болгондуктан кичи даарат кызгылт, ылай сыяктуу же болбосо кан аралаш болушу мүмкүн. Бөйрөккө суу жыйналып, бөйрөк туберкулезу, бөйрөктүн созулмалуу оорусу сыяктуу бөйрөк дарты бар оорулуулардын бели көп ооруйт.

Бел булчуң этинин сезгениши

Адам көпчүлүк убакытын эңкейип же бүкүрөйүп өткөрөт экен. Жана узак убакыт отургучта отуруп жумуш иштегендиктин кесепетинен белдин булчуң эттери бара-бара соолуп, тарамыштардын созулуу кубаты алсырап, белдин булчуң эти сезгенип бел оору башталат.

Туберкулез жана заара чыгаруу жолдонунун инфекциялануусу

Бул учурда ушул эки түрдүү себептин накта кайсынысынан белдин ооруп жатканын дарыгерден текшерилип аныктоого болот. Андан соң дарылануу кажет.

Туберкулез дарты

Туберкулез менен ооруган адам да бел оорусу менен көп жабыркап келишет. Бул учурда, кызыл клетканын тунуусун текшерүү аркылуу билүүгө болот.

Бел омурткасы

Адам жатып-турганда өзүн ыңгайсыз сезүүсү, белдин бурулууга тоскоолдук келтирүүсү каттуу оорусу көпчүлүк учурда тарамыштардын созулуп калуусунан улам келип чыгат.

Өттүн оорусу

Өт ооруган кезде белдин оң жагы ийинге чейин жана курсак да ооруйт.

Сасык тумоо

Кээ бир адамдар сасык тумоо болгон кезде бели да кошо ооруйт. Вирустун булчуң этке тийгизген таасиринен улам оору пайда болот.

Бел оорусунун себебин билүү өтө кыйын. Ал адамдардын оорусуна, жынысына, жашына да байлыныштуу. Бели ооруган оорулуу жакшылап дем алуусу, пайдалу көнүгүүлөр менен машыгып туруусу тийиш. Оорунун кесепети аз эмес, бирок «ооруп эмделгенче, оорубаштын жолун издеңиз». Ал эми ал үчүн төмөнкү эрежелерди карманыңыз:

Белиңизди айландырбаңыз!

Ашыкча салмак кошпоого аракет кылыңыз!

Өйдөнү карай катуу созулбаңыз!

Ар дайым физикалык көнүгүү жасаңыз!

Кыймыл-аракетте болуңуз!

Жатып алып китеп окубаңыз!

Төшөктү туура тандаңыз! (Төшөк каттуу дагы, өтө жумшак дагы болбошу керек)

Бут кийимиңиз бутуңузду кыспай эркин болсун!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!