Лопес 15 миллион долларга батир сатып алды

Лопес 15 миллион долларга батир сатып алды
30-Март 2018, Жума, 10:50

Ырчы жана актриса Дженнифер Лопес менен анын сүйүктүсү спортчу Алекс Родригес 15 миллион долларга үй сатып алышты. Жуптардын батири Американын эң бийик "432 Park Avenue” иммаратында жайгашкан. Бул тууралуу “W Magazine” журналы билдирет.

Алар АКШдагы эң чоң имараттын 96 кабатында орун алган. Сатып алыган үйдүн жалпы аянты 371 чарчы метрди түзөт. Анда үч уктоочу бөлмө, бир нече жуунучу бөлмө, чоң гардероб бөлмөсү, жана ошондой эле кабинет, библиотека, жеке лифт бар.

Тургундардын карамагында жабык бассейн, фитнес-борбор, жеке ресторан, жана ар кандай иш-чаралар үчүн чоң зал бөлмөсү каралган.

Эскерте ктесек, Дженнифер Лопестин сүйүктүсү 42-жаштагы кесипкөй спортсмен, бейсболист Алекс Родригес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!