​ФИФА Ибрагимовичти чемпионатка катыштырбайт

​ФИФА Ибрагимовичти чемпионатка катыштырбайт
4-Апр. 2018, Шаршемби, 09:54

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) "Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимовичти Швеция курама командасы менен Орусияда өтө турган футбол чемпионатына катышуусуна тыюу салды. Бул тууралуу батыштын “Aftonbladet” басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык мындай чечим кабыл алууга 36 жаштагы швециялык футболчунун бир букмердик компания менен келишими себепчи болгон.

Эл аралык футбол уюмунун эрежеси боюнча акча сайып ойногондорго футбол чемпионатына катышууга тыюу салынат. Учурда бул тууралуу Златан Ибрагимович эч кандай пикирин айта элек.

Эсиңиздерге сала кетсек 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!